Кыргызстандын парламенти республикада жеке валюта алмашуу бюролорунун ишмердүүлүгүнө тыюу салууну сунуш кылган өлкөнүн мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун коомдук талкууга киргизди. Бул тууралуу мыйзам чыгаруу жыйынынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттар Кыргызстандын Улуттук банкы чет өлкө валюталарын накталай алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алууга укугу бар уюмдардын тизмесинен жеке «алмашуу пунктарын» алып салууну талап кылышууда.