Ош шаардык мэриясы муниципалдык ипотекалык программанын алкагында биринчи үйдү пайдаланууга берди

Ош шаардык мэриясынын ипотекалык программасынын алкагында курулган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди.

Мэриянын программасы Мамлекеттик ипотекалык компаниядан өзүнчө иштейт.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун айтымында, 90 батирлүү үйдүн курулушуна бир жыл гана убакыт кеткен. Батирлер толугу менен пайдаланууга даяр, бөлмөлөрдүн ички жасалгасы жасалган, үй бардык инженердик тармактарга кошулган. Квартиралар газ плиталары жана сантехника менен жабдылган.

Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, дагы эки көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктап жатат, алар да муниципалдык ипотекалык программанын алкагында пайдаланууга берилет. Бул Курманжан-Датка көчөсүндөгү 80 батирлүү жана Көкүмбий көчөсүндөгү 45 батирлүү үй.

«Жалпысынан муниципалдык ипотекалык программанын алкагында Ош шаардык мэриясы тарабынан 215 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болот. Мындан тышкары, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан «Үлүштүк курулуш» долбоору ишке ашырылат. Бул долбоордун алкагында Набережная жана Тилек Баатыр көчөлөрүнүн боюна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Бул программа шаардын бардык иштеп жаткан тургундарына ыңгайлуу турак жайга ээ болууга мүмкүндүк берет, ошондой эле шаарыбыздагы кыймылсыз мүлктүн баасын туруктуу кармап турууга көмөктөшөт», – деди мэр Мамбетов.

Буга чейин Ош шаарынын мэриясы муниципалдык ипотекалык программанын алкагында турак-жай 4% менен 12 жылдык мөөнөткө берилээрин билдирген. Ош шаардык кеңеши бекиткен документке ылайык, батирлерди бөлүштүрүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, мугалимдерге жана дарыгерлерге артыкчылык берилет.

Кыргызстанда бюджеттен каржыланган Мамлекеттик ипотекалык компания иштейт. Компания 2016-жылы башталгандан 2021-жылдын аягына чейин 6800 үй-бүлө өз үйүнүн ээси болушкан.

Добавить комментарий