Ош облусунун 350 айылы ичүүчү суу менен камсыз болгон

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аймактагы 350 айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча отчет берди.

Байыш Юсупов ошондой эле аймактагы калктын болжол менен 78% таза ичүүчү сууга жетпей жаткандыгын айтты.

“Учурда Суу чарба агенттиги тарабынан республиканын бардык жарандарын 2023-жылга чейин таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Учурда 350 жакын айыл таза ичүүчү суу менен камсыз болду”, – деди ал.

Ыйгарым укуктуу өкүл ошондой эле жакынкы аралыкта болжол менен 140-150 айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.

Добавить комментарий