Орозо: эмдөөгө тыюу салынган эмес

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб орозо маалында эмдөөгө уруксат берилгенин эскертти. Андан тышкары, эгерде адам COVID-19 менен катуу ооруса, тамактанууга тыюу салынбайт.

Кайрылууда Республикалык штаб Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына (КМДБ) шилтеме берип билдирет.

Муфтияттын билдирүүсүнө ылайык, эгер адам COVID-19 оорусунун оор түрү менен ооруса, анда ага орозо кармабоого уруксат берилет.

Күндүз адам дары ичүү керек болсо, орозону буза алаи. Орозону толук айыгып кеткенден кийин дароо кармаса же улантса болот.

КМДБ кандай абалда болбосун, адам дарылоочу дарыгерге кайрылуусу керектигин белгиледи. Эске салсак, Кыргызстанда Рамазан айы 2-апрелде башталат.

Добавить комментарий