Орхан Инандынын иши: сот отурумду 3-февралга жылдырды

Түрк маалымат каражаттары Анкарада 23-ноябрда Орхан Инандыга коюлган айып боюнча иш материалдарын кароодо айыпталуучунун өтүнүчү менен сотту 2022-жылдын 36-февралына жылдыруу чечими кабыл алынганын кабарлашты.

Эскертүү! Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы Кыргызстандан уурдап кеткен «Сапат» мектеп түйүнүнүн жетекчиси.

Анкара прокуратурасы Инандыны «Куралдуу террордук уюмду башкаруу» деген айып менен 15 жылдан 22 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратуу менен жазалоону талап кылды.

Cumhuriet эркин басылмасынын маалыматына караганда, Инанды сотто Кыргызстандан кантип мыйзамсыз уурдалганы тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле кысым жана кыйноолор менен берүүгө аргасыз болгон алгачкы көрсөтмөсүнөн баш тартты. Окуя учурунда Инанды ыйлап жибергени айтылат.

Колу сынып, психологиялык абалынын начардыгынан коргонуу линиясын даярдай албагандыктан, соттон кошумча убакыт сурады.

Отурумга күбөлөр Исхак Т., Гекхан Д., Ондер О., Абдулла И. жана Фатих Ы. катышты. Алар Инанды «Себаттын билим берүү мекемелеринин башкы директору» катары гана тааный турганын айтышкан.

Натыйжада сот Инандыны камакта калтырып, ишти кароону 2022-жылдын 3-февралына жылдырган.

Добавить комментарий