Новиков экологиялык коопсуздук боюнча билдирүү жасады

Экологиялык коопсуздук көйгөйлөрүнө арналган жолугушууда Кыргызстандын вице-премьер-министри Артем Новиков бул маселенин өлкө үчүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынан билдиришти.

“2021-жылдын 19-мартында КР Президенти экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкта экологиялык абалды жакшыртуу, таштандыларды кайра иштетүү, жашыл аянттардын аянтын көбөйтүү жана уран мурасы боюнча маселелерди чечүү механизмдери жана принциптери жазылган. Мындан тышкары, документте өлкөнүн бардык аймактарында экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү пландарды даярдоо жөнүндө айтылат. Мамлекеттик органдар 20-апрелге чейин Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын конкреттүү планын, каржылоо булактарын жана аны ишке ашыруу механизмдерин аныктоосу керек. Буга байланыштуу экологиялык коопсуздукту экинчи пландагы милдет катары кароого болбойт”, – деди Артем Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле кыш мезгилинде жыл сайын пайда болгон түтүн көйгөйүн эске салды.

«Кыш мезгилинде Бишкек шаарын кандай түтүн каптап турганы эсиңиздеби. Мындай абал жылдан жылга кайталанат жана биз муну кыш мезгилинде гана эстейбиз. 2021-жылдын январь айында борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча Өкмөттүн алдыдагы үч жылга иш-аракеттер планы бекитилген. Коомдук уюмдар жана эко-активисттер менен кошумча консультациялардан кийин, биз тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгып, бир катар негизги тапшырмаларды аткарууну макулдаштык. 1-апрелге чейин план бекитилип, иш жүзүндө аткарыла башташы керек», – деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 2021-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарындагы таштанды төгүүчү жай толугу менен жабылып, башка жакка көчүрүлүп, аны калыбына келтирүү иштери 35 гектар аянтта жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Боз-Бөлтөктүн аймагында 60 гектар аянтты ээлеген сейил бакты жана этно-комплексти уюштуруу боюнча даярдык иштери башталууга тийиш. Ошондой эле, планда жаңы имараттарды газдаштыруу, буу казандарын газга өткөрүү, экологиялык принциптерди эске алуу менен курулуш нормаларын жөнгө салуу боюнча иш-чаралар каралган.

Добавить комментарий