«Мисс Жер» сынагында кыргызстандык жеңишке жетти

 

“Мисс Кыргызстан” улуттук сулуулар сынагынын дирекциясы: “Филиппинде Мисс Жер 2022” эл аралык сулуулук сынагы кызуу жүрүп жатат. Жеңиш үчүн дүйнөнүн 91 өлкөсүнүн катышуучулары ат салышууда. Ага «Мисс Жер Кыргызстан 2022» титулдуу сулуусу Айжан Чаначева катышууда.

Кыздар буга чейин бир нече сынактык этаптардан, анын ичинде купальник жана кечки көйнөк кийген сынак этаптарынан өтүшкөн.

Кечээ Miss Earth 2022 сынагынын орто баскычы — Beachwear Copmetition сынагы болуп өттү.

«Miss Congeniality» наамын Кыргызстандын 23 жаштагы өкүлү Айжан Чаначева жеңип алды. Beachwear Competiton сынагына Айжан 2 кечки көйнөк, ачык сары түстөгү негизги пляж көйнөгү жана кызыл тажия көйнөгүн даярдады.

Айжан Чаначева жеңишин мекенине жаркыратты!

«Мен орто сынактарда, «Мисс Congeniality» номинациясында жеңдим. Кыргызстанда ынтымактуу, меймандос эл болгондуктан, тамырымда кыргыз каны аккандыктан, коомубузда калыптанган духтун, тарбиянын аркасы менен ушул наамга татыктуу болдум. Мен сага, Кыргызстаным, ыраазымын, бул жеңишти сага арнайм! Мен өлкөнү татыктуу көрсөтүүгө аракет кылам жана сиздердин колдооңуздарга ишенем. Сүйүү менен, Айжан!».

Сулуу инстаграм жана фейсбук социалдык тармактарындагы баракчасына бөлүштү.

Алдыда бизде негизги конкурстук этаптар турат, «Мыкты экодолбоор» номинациясында онлайн добуш берүү, бул конкурстук этап негизги конкурстук этаптардын бири. Бул этапта баары сиздерден көз каранды кыргызстандыктар.

Белгилей кетсек, бүгүн Фейсбукта жана YouTube платформасында добуш берүү жүрүп жатат. Азыр Кыргызстан экодолбоору алдыда, бирок мүмкүн болушунча көбүрөөк добуш алышыбыз керек. Бул категориядагы жеңүүчүлөр эл аралык «Мисс Жер 2022» сынактын финалына автоматтык түрдө жолдомо алышат.

Ал дүйнөнүн төрт бурчунан келген 90 катышуучу менен күч сынашат. Айжан Чаначева Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жалгыз катышуучу.

Мисс Жер сынагынын сайтында мекендешибизди колдоп, ага добуш берсеңиз болот, ошондой эле Facebook социалдык тармактарында жана YouTube платформасында.

«Мисс Жер » эл аралык сулуулук сынагы 11-ноябрдан тарта Филиппиндерде өтөт. Финал 29-ноябрда Манилада өтөт, мелдештин түз эфирин YouTube расмий каналынан, ошондой эле башка социалдык тармактардан көрүүгө болот.

Добавить комментарий