Министрлер кабинетинде адам укуктары боюнча иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү талкууланды

Кечээ, 10-декабрда Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата министрлер кабинетинин алдындагы адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйынды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алып барды.

Байсалов өз сөзүндө Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата жолугушуунун маанисин белгиледи.

«Республикада мыйзамдуулукту, ар бир адамдын укуктарын камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу максаттары болуп саналат. Муну ачык жана таза парламенттик шайлоонун өтүшү далилдеди. Саясий укуктар менен эркиндиктерден тышкары, биз мекендештерибизди социалдык жана экономикалык чөйрөдө камсыздап, коргошубуз керек. Мамлекет башчысы белгилегендей, ар бир жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо мыйзамдар менен кепилденген өлкөнү өнүктүрүү – бардык деңгээлдеги бийлик органдарынын жалпы максаты», — деди вице-премьер-министр.

Андан ары жолугушуунун катышуучулары 2019-2021-жылдарга адам укуктары боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Эдил Байсалов балдардын жашоосу жана билим алуусу үчүн максималдуу шарттар түзүлүшү керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары өзгөчө жеке уюмдарда жарандардын эмгек укуктарын коргоо жана сактоо маселелерине токтолду.

Жыйындын соңунда Эдил Байсалов КР Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылышы менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо багытында иштер күчөтүлөрүн билдирди.

Добавить комментарий