Бүгүнкү күндө 1097 адам байкоо астында, алардын ичинен 439 үйдө карантинде турушат. Бул тууралуу 8-апрелде өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, баардык байланыш адамдар түзүлдү.
«Байланышта болгондордун бардыгы көзөмөлдө, алар укук коргоо органдарына жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна өткөрүлүп берилди. Биз алардын кыймылын жана үйдү көзөмөлдөө жана карантиндин талаптары менен эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп турабыз”, – деди Абдикаримов.