Кемин районунун билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматы боюнча, атын жашыруун калууну каалаган адамдар аймакта муктаж мектеп окуучуларына 12 телевизор жана 92 уюлдук телефон тапшырышты.
Анын айтымында, телевизорлор жана телефондор аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мектеп окуучулары үчүн арналган.
Райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, райондогу 10 мектептин окуучуларына телефон таратылды.
«Өзүңөр билесиздер, аралыктан окутуу учурунда чындап эле телефон жана телевизор керек, андыктан алынган жардам муктаж болгондорго таратылып берилди», — деп айтылат билдирүүдө.