Медициналык ЖОЖдордун билим деңгээли тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчисинин орун басары комментарий берди

Билим берүү министринин орун басары айрым медициналык ЖОЖдордо талаптагыдай деңгээлде эместигине токтолду.

Кээ бир медициналык жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапаты талаптагыдай деңгээлде эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Анын айтымында, эл арасында медициналык жогорку окуу жайларды бүтүргөн медицина адистерине карата сындар көбөйүүдө.

«Калк арасында жаш медицина кызматкерлеринин ишине нааразычылыктар бар. Медицина кызматкерлеринин билим сапаты талаптагыдай деңгээлде эмес. Жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүн кароону баштоо керек болот. Медициналык ЖОЖдорго лицензияны Билим берүү министрлиги берет, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 06 формасын берет. Медициналык жардам көрсөтүүдө көп нерсе медицина кызматкерлеринин билим деңгээлинен көз каранды. Сөзсүз түрдө чара көрүү керек, айрым жаңычылдыктар киргизилет», — деди ал.

Ал белгилегендей, өлкөдө 22 жогорку окуу жай дарыгерлерди даярдайт, анын ичинен 5 мамлекеттик университет, 17 жеке менчик.

«Мен жеке менчик ЖОЖдорго да бардым, алардын айрымдарынын билим деңгээли көптү күттүрбөйт. Саламаттык сактоо министрлиги жакын арада комиссия түзсө керек. Саламаттык сактоо министрлиги алардан 06 формасын чакыртып алган күндө дагы, Билим берүү министрлиги аларга лицензия бергенинин мааниси барбы», — деди ал.

Добавить комментарий