Медицина кызматкерлери: Өзүн-өзү дарылоо жумушту татаалдаштырат

Реанимациялык дарыгер Надежда Азарова коронавирустук инфекцияны өзүн-өзү дарылоонун кесепеттери жана дарыгерлер инфекция менен эле эмес, дары-дармектерди ичүүнүн кесепеттери менен кантип күрөшкөндөрүн жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, көпчүлүк учурда бейтаптар медициналык кызматкерлерди бир нече күн өзүн-өзү дарылоодон кийин чакырышат.

«Алар өз дарыканаларын, керектүү жана керек эмес болгон дары-дармек каражаттарын көрсөтүшөт. Мисалы, булардын бардыгын 5 күн ичишкен, натыйжа болгон жок, ошондуктан дарыгерге кайрылууну чечкеке. Андан кийин биз мындай дарылоонун кесепеттерине жана коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүшүүгө аргасызбыз, – деди ал.

Дарыгер кошумчалагандай, мунун бардыгы дарылоо режимин өзгөртөт, башында дарылоо балким жеңилирээк болмок.

«Өзүн туура дарылоо жана айыктыруу үчүн, эмне десе дагы, медициналык билим керек. Кошунанын сезими жана кеңеши жетишсиз», – деп түшүндүрдү ал.

Добавить комментарий