Манастын эстелиги өлкөдө өзүнүн татыктуу ордун алышы керек

Бүгүн, 25-ноябрда биринчи Элдик Курултайдын жыйынында делегат Бактыбек Максутов президент Садыр Жапаровго “Манас” эпосун тартуулады.

Делегат анын жазуучу экендигин белгиледи. Ал Темир жол вокзалынын жанына Михаил Фрунзенин бюстун ордуна, Кемин районундагы Шабдан баатырдын эстелигинин жана Балыкчы шаарынын кире беришиндеги Петр Семёнов-Тянь-Шанскийдин айкелинин ордуна Манастын эстеликтерин тургузууну сунуштады. Анын айтымында, туристтер Кыргызстанды Россиянын автономиясы деп ойлошу мүмкүн.

“Кыргызстанда «Манас» эпосу боюнча мыйзам кабыл алынган. Ошондо сүйүнгөнбүз, бирок жыйынтык жок. Балдарыбыз китеп окубайт деп жатабыз. Мурдагы билим берүү министри жана анын айрым орун басарлары эпосту изилдөөгө, «Манас» боюнча окуу китептерин окууга тоскоолдук кылышкан. Далил бар. «Манас» эпосунун прозадагы вариантын чет тилдерге: орус, англис, түрк, кытай тилдерине которууну сунуштайм. Ошентип, башка мамлекеттерге кыргыз мамлекеттүүлүгүн үйрөнүүгө шарт түзүлөт”,-деди Бактыбек Максутов.

Добавить комментарий