Мамытов ЕККУнун өкүлү Пьер фон Аркс менен жолугушту

Кыргызстандын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Арксты кабыл алды

Бул тууралуу 12-декабрда КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Мамытов куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты жана мамилелерди чыңдоо жаатындагы үзүрлүү эмгеги жана жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамытов айрыкча Уюмдун каржылык жана техникалык колдоосу Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ экендигин, ошондой эле алдыдагы ички саясий иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча эл аралык коомчулуктун объективдүү картинасын калыптандыруу үчүн ЕККУнун байкоочуларынын активдүү катышуусун белгиледи.

«Биз демократиялык, акыйкат, ачык шайлоо жана реформа өткөрүүгө чечкиндүүбүз жана бул жаатта ЕККУ менен тыгыз кызматташууну улантабыз», – деди Мамытов.

Мындан тышкары, Талант Мамытов кыргыз тараптын ЕККУ менен мындан ары чакан жана орто бизнести, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдоо жана өнүктүрүү боюнча долбоорлордо кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Өз кезегинде ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс Мамытовго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, ЕККУ жогоруда көрсөтүлгөн бардык багыттар боюнча КР ЖК менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.

Сүйлөшүүнүн аягында Төрага Пьер фон Аркска КРнын Ардак грамотасын тапшырды жана ага ийгилик жана бакубат жашоо каалады.

Добавить комментарий