АКШнын жээгинде карантинде турган Grand Princess кемесинде Кыргызстандын эки жараны бар экенин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Басма сөз казматы, 5-мартта кемеден түшкөн эки жүргүнчүдө коронавирус аныкталган, деп айтты.
Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу маалымат берүүсүн өтүнгөндо, 6 мартта мамлекеттик департаменти тарабынан, кемеде эки Кыргызстандын жараны бар деп жооп келген.
Кыргыз Республикасынын Элчилиги, алар менен түздөн-түз байланыш түздү. Кыргыз жарандары, өздөрун жакшы сезгенин жана алардын күнү үч жолу тамактанышын белгиледи, баардык жүргүнчүлөрдү кабиналарда кармап турушат, деп Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ошондой эле, элчиликтин айтуусунда, 9-мартта кеме Калифорния штатынын Окленд порту көздөй шашылыш медициналык дарылоо жана ооруканага муктаждууларды тушуруу учун барат.