Кытайдын тынчтык планы Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга негиз боло алат, – Путин


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-88253-1679477178-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кытай 2023-жылдын февралында сунуштаган тынчтык планы Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн негиз боло алат, деп билдирди Россиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында.

Владимир Путин белгилегендей, Кытайдын тынчтык планы бардык тараптар сүйлөшүүлөргө даяр болгондо, анын ичинде Батышта да жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн негиз боло алат. Путиндин айтымында, бул пландын көп жоболору Россиянын мамилесине шайкеш келет. Бирок азырынча Батыш жана Киев тараптан мындай даярдык жок.

Белгилей кетсек, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Москвага сапары Путин менен бейформал жолугушуудан башталып, төрт жарым саатка созулган. Андан кийин Кремлдин Чоң дворецинде расмий жолугушуу болду.

Эске салсак, Кытайдын “тынчтык планы” 12 пункттан турат жана аны өлкөнүн ТИМи Россиянын Украинадагы аскерий операциясынын башталышынын бир жылдыгында сунуштаган. Анда чыр-чатакка катышкан бардык тараптардын согуштук аракеттерин токтотуу, кансыз согуштун менталитетинен баш тартуу, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо жана стратегиялык тобокелдиктерди азайтуу зарылчылыгы айтылат. Кытай бийликтери ошондой эле бир тараптуу санкцияларды токтотууга жана украин данынын экспортуна кепилдик берүүгө чакырат.

Добавить комментарий