Кытайда коронавирус кайрадан башын көтөрүп жатат

Акыркы сутка ичинде Кытайда коронавирус инфекциясынын 49 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитет 15-июнда билдирди.

Ошондой эле ушул күндүн ичинде өлкөдө 18 вирустун асимптоматикалык алып жүрүүчүсү аныкталды. 49 жаңы иштин 39 жергиликтүү, 10 импорттолгон.

Акыркы бир нече күндүн ичинде Кытайда жаңы коронавирусту жуктургандардын саны көбөйдү. Бир күн мурун 57 жаңы учур аныкталган. 13-июнда Пекинде ири дүң сатыктагы “Синфади” жабылып, ал жерде жаңы инфекция жуккан адамдардын көпчүлүгү катталган.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 83.181 адамда коронавирус аныкталды, алардын ичинен 78,370 бейтап айыгып, 4634 адам көз жумду, 177 адам медициналык көзөмөлдө.

Добавить комментарий