Кытай жана Түркия Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтүштү

2020-жылдын 5-июлунда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигинин саясий жана дипломатиялык жардамы менен, Кытайдан 500 кычкылтек концентратору Бишкекке жеткирилген. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жаңы аппараттар республикалык бюджеттен сатылып алынып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген.

Ошол эле күнү кечинде Түркиядан болжол менен 1000 кычкылтек концентраторунан турган жүк келип түшкөн. Бул жүктү жеткирүү биргелешкен иш-чаранын натыйжасында ишке ашырылды, ага Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, Кыргызстанда иштеген түрк ишкерлер ассоциациясы, Түркиядагы кыргыз бүтүрүүчүлөрү жана кыргыз-түрк бизнес коомчулугу катышты.

Алардын ичинен бир бөлүгү түрк тарап тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет, калгандары бул аппараттарга муктаж үй-бүлөлөргө өткөрүлүп берилет.

Тышкы иштер министрлиги көрсөткөн жардамы үчүн Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине, Түрк ишкерлер ассоциациясына, биздин кызыкдар бүтүрүүчүлөргө, кыргыз-түрк достук коомчулугуна, ошондой эле кыргыз-түрк ишкерлер коомчулугуна терең ыраазычылыгын билдирет.

3-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Түркиянын Тышкы иштер министри М.Чавушоглу менен болгон телефон сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Түркия Өкмөтү аркылуу Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам жиберүүнү улантуу пландаштырылууда.

 

Добавить комментарий