Кытай вакцинасынын дагы бир партиясы Кыргызстанга жеткирилди

Бюджеттик каражаттардын эсебинен сатылып алынган кытай вакцинасынын партиясы Кыргызстанга келди.

Коронавирустук инфекцияга каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасынын жаңы партиясы 1.25 миллион доза өлчөмүндө сатып алынды.

КР Министрлер Кабинети Кытай тарапка COVID-19 вакцинасын сатып алууга жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айынын башында республиканын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча 1 миллион 100 миң доза кытай вакцинасы сатылып алынган. Жалпы республикалык бюджеттин эсебинен 2 миллион 350 миң доза сатылып алынган.

Добавить комментарий