Кыргызстанга COVID-19га каршы вакциналардын дагы үч түрү жеткирилет

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда COVID-19 Sinopharm, Pfizer жана Moderna каршы вакциналарды жеткирүү жүргүзүлөт.

Анын айтымында, COVAX механизминин алкагында кытайлык Sinopharm вакцинасы ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин бекер берилиши күтүлүүдө. Ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасын жеткирүү күтүлүүдө.

2022-жылдын биринчи чейрегинде Moderna вакцинасы Дүйнөлүк банктын донордук колдоосу аркылуу берилиши мүмкүн.

Добавить комментарий