Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен автокырсыктан төрт киши көз жумганАвтоунаа күйүп кетип, 4 кыргызстандык каза тапты. Россиядагы үрөй учурган кырсык

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен автокырсыктан төрт киши көз жумгандыгын билдиришти.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Оренбург жана Акбулак (Россия) жолунун кесилишинде кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде тез жардам автоунаасы менен Mercedes жана Suzuki үлгүсүндөгү эки жеңил машина кагышты

Казань — Оренбург — Акбулак жолунун 86-чакырымында минивэн Mercedes менен Ford Transit үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Төрт киши көз жумуп, дагы төртөө ооруканага жеткирилген.
Элчилик 1990, 1984, 1995 жана 1998-жылы туулган кыргызстандыктардын каза болгондугун билдирди.

Алардын сырткары, 1991, 1987 жана 1988-жылы туулган жарандар ооруканага жаткырылган.

Учурда маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат. Кырсык болгон жерде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жүрөт.

Добавить комментарий