Кыргызстандын аялы кандай? Айгүл Жапарова таасирдүү аялдардын курултайында сөз сүйлөдү


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/01/speech-84524-1674447475-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова таасирдүү аялдардын биринчи курултайында заманбап айымдын дарамети жана анын тагдыры тууралуу айтып берди.

«Кыргызстанда аялдар — өлкөнүн экономикалык турмушунун активдүү катышуучулары. Аялдардын ийгиликтүү экономикалык ишмердүүлүгү республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң салым кошуп жатканы талашсыз», — деп Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Тегеранда (Иран Ислам Республикасы) илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын Биринчи эл аралык Конгрессинде сүйлөп жатып билдирди. 

Бул чоң форум бардык аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча жалпы ишке маанилүү түрткү болорун Биринчи айым баса белгиледи. Ал Конгресс аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн талкуулоо, аялдардын лидерлигинин факторлорун кайра карап чыгуу жана иш-чарага катышкан өлкөлөрдүн өнүгүүсүнүн биргелешкен стратегиясын түзүү үчүн жакшы диалог аянтчасына айланат деген ишенимин билдирди. 

Айгүл Жапарова белгилегендей, Кыргызстан аялдары ар убакта өз мамлекетинин өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө эбегейсиз салым кошуп келишкен. Алардын активдүү катышуусу болбосо, көп улуттуу элибиздин руханий дөөлөттөрүн кайра жаралуусун жана көбөйүшүн, коомдун адептүүлүгүн чыңдалышына жана улуттук мүнөздүн мыкты белгилеринин сакталышын элестетүү мүмкүн эмес. 

«Ушуга байланыштуу кыргыз элинин улуу маданий жана тарыхый мурасы — „Манас » эпосуна кайрылгым келет, анда үй-бүлө очогун сактоочу аялдын идеалдуу образы өтө көркөм сүрөттөлгөн. Биздин элибиздин аялдары дүйнөнүн башка элдериндей эле татаал жана динамикалуу мүнөзгө ээ. Элибиз аялдын идеалын анын сулуулугунан гана эмес, баарынан мурда анын табигый акыл-эсинен, кайраттуулугунан, чечкиндүүлүгүнөн көргөн. «Манас» эпосунда Чыйырды, Сайкал, Арууке, Айчүрөк жана башка аялдардын эстен кеткис ажайып образдары чагылдырылган.

Анда сүйкүмдүү Каныкей — баш каарман баатыр Манастын жубайы, анын өмүрлүк шериги гана болбостон, биринчи кезекте анын башкы кеңешчиси болгон«, — деди Биринчи айым. 

Ошону менен бирге ал Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттер жана чаралар тууралуу айтып берди. Аялдардын ролун жогорулатуу жана гендердик өнүгүү маселелери эң маанилүү өкмөттүк документтерге, анын ичинде 2022-жылдын октябрында бекитилген 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясында камтылган. 

Айгүл Жапарова белгилеп өткөндөй, Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар боюнча Эл аралык пактынын Кошумча Протоколунун катышуучусу болуп саналат, муну менен аялдардын адам укуктарынын эл аралык системаларын колдонууга мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Гендердик басмырлоо фактыларын алдын алуу жана жоюу боюнча даттануулар жана сунуштар менен БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясына, БУУнун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитетине, укук коргоо уюмдарына кайрылуу мүмкүнчүлүгү тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун маанилүү шарты болуп саналат. 

Кыргызстанда гендердик мыйзамдарды калыптандырууну, гендердик статистиканы өнүктүрүүнү жана аялдардын лидерлигин колдоо боюнча атайын чаралар саясатын калыптандырууну камтыган институционалдык механизм түзүлгөн. 

Биринчи айым баса белгилегендей, Кыргызстанда аялдардын саясатка катышуусу жагынан гендердик теңчиликти ар тараптуу камтыган мыйзамдар бар. Мыйзамга ылайык, саясий партия талапкерлердин тизмесин аныктоодо өкүлчүлүктү: бир жыныстагы талапкерлердин 70%дан ашпаганын эске алышы керек. Ошондуктан Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын ноябрь айында 19 аял шайланган. 

Аял депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты аял талапкерлердин ичинен кийинки катталган талапкерге өтөт. Ушундай эле жобо „Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө“ Мыйзамда да камтылган. 2021-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча депутаттардын 38% аялдар болгон. 

Бүгүнкү күндө өлкөнүн Министрлер Кабинетинин курамында 4 аял бар, алар жаратылыш ресурстары, экология, саламаттыкты сактоо, жеке маалыматтарды коргоо, интеллектуалдык менчик жана инновациялар сыяктуу маанилүү багыттарда кызмат ээлейт. 

Айгүл Жапарова өз сөзүндө Кыргызстанда аялдар өлкөнүн экономикалык турмушунун активдүү катышуучулары экенине басым жасады. Аялдардын ийгиликтүү экономикалык ишмердүүлүгү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң салым кошуп жатканы талашсыз. Жыл сайын ишкер аялдардын саны өсүүдө. Билим берүү тармагындагы социалдык багыттагы бизнестин жана долбоорлордун басымдуу бөлүгүн аялдар ишке ашырат. Өлкөдө аялдардын саны 3,3 миллиондон ашык адамды, же жалпы калктын 50,4 пайызын түзөт. Жалпысынан экономикалык иштин түрлөрү боюнча аялдардын иш менен камсыз болушу 38,4% түзөт. 

Биринчи айым „Эне — балага тирек“ коомдук фондун жетектей турганын эскертип, биринчи кезекте балдарга жана энелерге жардам берүү, алардын жашоо сапатын жакшыртуу, потенциалын коргоо жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Фонд билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономикалык бакубаттуулук, экология, маданият жана адам укуктарын коргоо сыяктуу көптөгөн тармактарда долбоорлор аркылуу өз ишмердүүлүгүн ишке ашырат. 

Сөзүнүн аягында Айгүл Жапарова аялдар өз дараметин ишке ашыруусу үчүн колдон келген жардамдын баарын биргеликте жасоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал бүгүнкү Конгресс аялдардын лидерлигин жана анын ар түрдүүлүгүн өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот жана бардык өлкө-катышуучулардын жана элдердин улуу аялдарынын тажрыйбасын колдонуп, жалпы ийгиликтердин пайдубалын түзө алат, деген ишенимин билдирди.

Добавить комментарий