Кыргызстандыктар Ташкентке жана Кувейтке учуп кете алышат

Кыргызстан эки мамлекетке аба каттамдарын калыбына келтирет. Маалым болгондой, Кувейт жана Ташкент шаарларына учуулар жумасына эки жолу жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасы менен Түркия үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтиришкени маалым болду. Кыргызстандыктар БАЭге дагы учуп кете алышат.

Жарандык авиация агенттигинин расмий сайты билдиргендей, 2020-жылдын 14-сентябрынан тартып, Кыргызстан Өзбекстан менен үзгүлтүксүз каттамдарын жандандырды.

Ташкент – Бишкек – ​​Ташкент каттамы боюнча учууну «Узбекистон Хаво йуллари» жумасына бир жолу – дүйшөмбү күнү жүргүзөт.

Агенттик ошондой эле 10-сентябрдан тарта Кувейт бийлиги Кыргызстанга каттамдарды жандандырарын билдирди. Jazeera Airways компаниясы Бишкек – ​​Кувейт каттамын баштады. Рейстер жумасына бир жолу – бейшембиде жүргүзүлөт.

Добавить комментарий