Кыргызстандыктар эл аралык тестирлөөдөн өтүшөт

Кыргызстанда билим берүү тутумун өзгөртүүнү улантышат, Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясы жаңы базалык окуу планын түзүү, жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарын кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алды. Мындан тышкары, өлкөдө PISA-2025 деп аталган эл аралык тестирлөөгө даярдануу борбору түзүлөт.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин КББАнын жамааты менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда ошондой эле жакынкы аралыкта чечилиши керек болгон билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясын жалпылоо зарылдыгы талкууланды. Министр ошондой эле келечекте мындай актуалдуу маселелер академияда чечилиши керектигин белгиледи.

Жыйынтыгынан кийин Алмазбек Бейшеналиев КББАга бир катар тапшырмаларды берди:

  • көз карандысыз эксперттер жана КББА тарабынан даярдалган концепцияларды эске алуу менен бир айдын ичинде бирдиктүү концепцияны иштеп чыгуу;
  • PISA-2025ке даярдануу үчүн, КББАнын алкагында PISA борборун ачуу;
  • билим берүү чөйрөсүн талдай турган түзүмдү түзүү;
  • бир жуманын ичинде КББАны жаңыртуу, реформалоо боюнча сунуштарды берсин.

Эске салсак, Эл аралык студенттерди баалоо программасы (Programme for International Student Assessment – PISA) бул дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынын сабаттуулугун жана билимди практикада колдоно билүү деңгээлин баалоочу тест. Бул үч жылда бир болуп турат.

Кыргызстан PISA-2006 жана PISA-2009го катышып, бирок акыркы (57 жана 65-орундарды) ээледи. Андан кийин республика бул программага катышуудан баш тарткан.

Добавить комментарий