Кыргызстандыктар үчүн АКШнын визалык чектөөлөрү алынып салынды

Джо Байден 9983-жарыясын жокко чыгаргандан кийин, АШК Кыргызстандын жарандары үчүн виза чектөөлөрүн алып салган.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Ак үйдүн башчысы Кыргыз Республикасынан иммигранттар үчүн кирүүнү токтоткон иммиграциялык жана грин-карталарды (diversity visa) берүүдөгү чектөөлөрдү жокко чыгарган жарлыкка кол койгону такталды.

«Биз акыркы 12 айда өкмөт саякаттоо коопсуздугун камсыз кылган олуттуу жакшыртууларды жогору баалайбыз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган Кыргызстандын электрондук паспорттору иштелип чыгып, даярдануунун акыркы баскычында турат. Бул паспорттор Кыргызстандын жарандарына коопсуз жана ыңгайлуу жол менен камсыз кылат. Кыргызстандын министрлер кабинети дагы Интерпол менен кызматташууну өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм боюнча маалымат алмашууну көбөйттү», — деп билдиришти дипломатиялык өкүлчүлүктөн.

Элчилик КР жаңы электрондук паспорттору жана күч түзүмдөрүнүн тыгыз кызматташтыгы биздин ички жана глобалдык жалпы коопсуздукту арттыра тургандыгын кошумчалады.

COVID-19 пандемиясынан улам, АКШнын дүйнө жүзүндөгү элчиликтеринде виза берүү кескин чектелген. Ушул жарыяны эске алып, элчиликтен kg.usembassy.gov веб-сайтына кирип, виза иштетүү жаатындагы жаңыртуулар жөнүндө сурап коюуну өтүнөт.

АКШ кыргыз элинин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана гүлдөп-өнүгүшүн жогорулатуу үчүн эки тараптуу мамилелерибизди бекемдөөгө умтулат.

Добавить комментарий