Кыргызстандык дарыгерлер РФдан мекенине кайтууга чакырууда

Россияда иштеген кыргызстандык дарыгерлер мекенине кайтууга даяр. Бул тууралуу Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Гүлшан Төлөнбаева Улуттук биринчи Курултайда билдирди.

Анын айтымында, Урал федералдык округунда 300 кыргызстандык дарыгер иштейт.

«2014-жылдан бери Кыргызстанда энелердин өлүмүн азайтуу үчүн аймактык төрөткө мониторинг жүргүзүү системасын киргизүүнү сунуштап келебиз. Бирок азырынча министрлер кабинетинен эч кандай жооп боло элек. Биз бул жерде дарыгерлердин жетишсиздигин айттык, биз, Россиядагы дарыгерлер, эгер тийиштүү программа болсо, мекенибизге кайтып, бул жерде иштөөнү улантууга даярбыз», — деди Гүлшан Төлөнбаева.

Ал ошондой эле өлкө бийлигине мигранттардын балдары үчүн Кыргызстанда жыл сайын лагерлерди уюштурууну сунуштады. «Россияда 500 миңдей кыргызстандык жарандык алган. Балдарды жоготпоо, тарыхый мекени менен байланыш түзүү чаралары көрүлүшү керек», — деп баса белгиледи Гүлшан Төлөнбаева.

Добавить комментарий