Кыргызстанда жыл сайын мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгын көтөрүү пландалууда

Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Түп районунун Тогуз-Булак айылынын мугалимдери жана жашоочулары менен жолугушту.

«Мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгын жыл сайын 20 пайызга көтөрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», – деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Финансы министри болуп турганда мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеңилдиктерди жогорулатууну тапшырган.

«Биз бул пландарды ишке ашырууга жетиштик. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин көтөрүү чечими кабыл алынып, октябрь айында пенсияны жогорулатуу пландалууда», – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ошондой эле Чиновник 525 окуучулук орунга эсептелген Кең-Суу айылындагы Т.Сыдыкбеков атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышып, Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фондунун каражаттары менен курулуп жаткан заманбап спорт залына барды.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаровго Түп районунун Санташ айылындагы мамлекеттик тарыхый-маданий мемориалдык музей-коруктун долбоору тууралуу маалымат берилди. Түп-Кеген унаа жолунда курула турган комплекстин курулушуна Туризмди өнүктүрүү фондунан 50 миллион сом бөлүнөт.

Акылбек Жапаров Түп районунун чек арадагы Каркыра айылына барып, жергиликтүү эл менен жолугушту. Мектептердин жетишсиздигин, жаңы социалдык объектилерди куруу зарылдыгын айтышты.

Добавить комментарий