«Бүгүн бошотулган адамдардын саны ооруканага жаңы түшкөндөрдүн санынан көп. Бул жакшы тенденция. Бул улана берет деп ишенем», — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде.
Ушундай статистикалык көрсөткүчтөр оорунун чокусунан өткөндүгү жөнүндө сураганда, Үсөнбаев мындай деп жооп берди:
“Буга чейин 20-24-апрелдеги чоку күтүлөт деп айтылган. Биз жумалык көрсөткүчтөрдү алып жатабыз, күндөлүк маалыматтар боюнча мындай тыянак чыгарууга болбойт, андай эмес. Жуманын акырына карата тенденцияны көрөлү”, — деди ал.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 612 коронавирус инфекциясы тастыкталды. 254 адам чыкарылган. Жети бейтап көз жумган.