Кыргызстанда өспүрүмдөрдү COVID-19га каршы эмдөө маселеси каралууда

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда өспүрүмдөрдү эмдөө мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 15-18 жаштагы кыргызстандыктарды эмдөө боюнча чечим декабрда кабыл алынат. Министр ошондой эле чет өлкөгө чыккан балдарга буга чейин мындай уруксат берилгенин, эми алар вакцина ала баштаганын билдирди.

Кыргызстанда эмдөө үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында башталган. Бүгүнкү күндө республика боюнча биринчи дозасы менен 1 миллион 38 миң 427 адам, эки дозасы менен 817 миң 530 адам эмдөөдөн өткөн. Ал Sinopharm, Sputnik V, AstraZeneca жана Pfizer дарылары менен жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 182 миң 425 учуру аныкталды. Расмий маалыматтар боюнча, 2 707 адам инфекциянын курмандыгы болду.

 

Добавить комментарий