Кыргызстанда расмий иш кагаздардын баары мамлекеттик тилде жазылышы керек


    Warning: file_get_contents(/home/manasnew/manas.news/kg/wp-content/uploads/2023/05/speech-92536-1685526078-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/manasnew/manas.news/kg/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун талкуулап, үчүнчү окууда кабыл алышты.

Жыйындын жүрүшүндө КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев активдүү катышты.

Мыйзам долбоорун премьер-министр демилгелеген.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Винера Раимбачаева берди.

Мыйзам долбоору Кыргызстандын мамлекеттик тилин колдонуунун мыйзамдык базасын түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган. Мамлекеттик тилдеги расмий документтер жана ченемдик укуктук актылар түпнуска деп таанылат.

Добавить комментарий