Кыргызстанда продукциянын жана күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы жок – Экономика жана соода министрлиги

Кыргызстандын рыногун продукция менен камсыздоо маселеси КР Экономика жана соода министрлигинде талкууланды.

Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

“Бизнес чөйрөсүнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кампалардагы негизги азыктардын (ун, кант, өсүмдүк майы ж.б.) запасы жана күйүүчү-майлоочу майлар ички рыноктун керектөөсүн эки айдан ашык канааттандырууга жетиштүү экендигин белгилешти”, – деп белгиледи ведомство.

Автоунаа жана темир жол аркылуу башка өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларды Казакстан аркылуу транзиттик жеткирүүдө эч кандай кечиктирүүлөр жок.

«Эң зарыл товарларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө үчүн министр Данияр Амангелдиев бизнес тарабынан социалдык багыттагы баа саясатын сактоо зарылдыгын белгиледи. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына базардагы кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Баалар аномалдуу түрдө кескин жогорулаган учурда Экономикалык соода министрлиги социалдык маанидеги продукцияга бааларды мамлекеттик жөнгө салууну демилгелейт», – деп кошумчалады ведомство.

Кечээ кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары жабылганы белгилүү болгон.

Добавить комментарий