Кыргызстанда коронавируска байланыштуу той-аш өткөрбөй туруу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков коронавируска байланыштуу өлкөдө той-аштарды өткөрбөй турууну сунуштады.

Бүгүн өкмөт мүчөлөрү коронавирустан коргонуу чаралары боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу парламентке маалымат берүүдө.

«Учурда эл чогултуп тойлорду өткөрүп, куран окутуп жатабыз. Эгер илдетке кабылган бир эле адам ресторанга келсе, канчасына жайылып кетет. Муну токтотуп турса болбойбу?» — деди Турусбеков.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев буга чейин эле элге тойлорду, куран окутууну токтотуу боюнча сунуштама берилгенин эскертти. Бирок өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болгондуктан толук чектөө киргизилген эмес.

«Болбой эле койсун, эгер бир факт каттала турган болсо башка өлкөлөр сыяктуу бала бакча, мектептер жабылат да чектөө коюлат. Бирок биз ага жеткирбегенге аракет кылып жатабыз. Алдын алып тыюу салып койсок коомчулук кандай кабыл алат?.. Биз тараптан мыйзам чегинде, эл аралык эрежелерге ылайык профессионалдык аракеттерди көрүп жатабыз», — деди Чолпонбаев.

Ошондой эле вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Кыргызстан башка мамлекеттерге караганда коргонуу чараларына эрте киришкенин белгиледи. Эң биринчи болуп республикалык штаб түзүлүп, чек ара бекеттерине, аэропортторго тепловизорлор коюлган.

Добавить комментарий