Кыргызстанда кедей-кембагалдарга “жардам көрсөтүү борбору” иштейт

Жардам штабынын кыймылына мамлекеттик органдар да, активисттер да кирди. Бөлмө жардамчылар жана ыктыярчылар үчүн да каралган.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана камкор кыргызстандыктар жакыр үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, аз камсыз болгон жана социалдык жактан корголбогон жарандарга жардам берүүгө даяр, деп билдирет республикалык штаб.

Мамлекеттик органдар жана камкор жарандар «Жардам штабы» деп аталган кыймылга биригишкен. Ага 20га жакын уюмдар жана компаниялар кошулган.

Жардам көрсөтүү боюнча Башкы штаб Бишкек жана Ош шаарларында активдүү иштей баштагандыгы белгиленди. Жардамга муктаж жарандар азык-түлүк жана дарылоо түрүндө жардамды төмөндөгүдөй жолдор менен алышат:

  • 9:00дөн 18:00гө чейин 1227 ишеним телефону боюнча колл-центрге чалуу (чалуу акысыз);
  • “Народный штаб — Биз барбыз” Telegram каналы аркылуу;
  • “Жардам берем” мобилдик тиркемеси аркылуу;
  • “Штаб помощи” Facebook баракчасы аркылуу.

Жардам берүүнү каалагандар жана ыктыярчылар (0312) 300-190 номерине чалып, муктаждарга азык-түлүктү даректүү жеткирүү жана бөлүштүрүү үчүн кайрыла алышат. Бардык суроолор боюнча 1227 кыска номерине кайрылыңыздар.

Добавить комментарий