Казан федералдык университетинин байкоочу кеңешинин отурумунда Кыргызстанда университеттин филиалын ачуу боюнча акыркы чечим кабыл алынды.
Бул тууралуу республиканын РФдагы элчилигинен билдиришти.
Университеттин байкоочу кеңешинин жыйынын Татарстандын президенти Рустам Минниханов алып барды. Ага ошондой эле КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Жеңишбек Асанкулов баштаган Кыргызстандын делегациясы катышты.
Минниханов Кыргызстан менен соода-экономикалык, илимий жана социалдык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Кыргызстанда Казан федералдык университетинин филиалын түзүү Кыргыз Республикасы менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жардам берет», — деди ал.
Казан Федералдык Университети Россиядагы алдыңкы жана эң эски университеттердин бири. Ал 1804 -жылы негизделген жана жогорку илимий-техникалык базага ээ. Чет элдик студенттердин саны боюнча КФУ россиялык ЖОЖдордун арасында экинчи орунда турат.