Кыргызстанда бир күндө коронавирустун 224 учуру аныкталды

КР Саламаттык сактоо министрлигинен алынган маалыматтарга караганда, 4-майга карата өлкөдө коронавирус инфекциясынын, анын ичинде пневмониянын 224 учуру аныкталды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аныкталган учурлардын арасында:

Бишкек – ​​139

Ош – 1

Чүй облусу – 63

Ош облусу – 2

Нарын облусу – 8

Ысык-Көл облусу – 11

Жалпысынан, Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын бүткүл мезгилинде 96 561 учур аныкталды. Бир күндө 225 адам айыгып кетишти, бардыгы болуп 90 146 адам айыкты.

Амбулатордук дарылоо – 2 295 бейтап, стационардык дарылоо – 1 503 бейтап, анын ичинен:

6 адам (0,4%) – абалы канааттандырарлык;

1051 (69,9%) – орточо;

377 (25,0%) – оор;

69 (4,6%) өтө оор.

Өткөн суткада COVID-19дан сегиз өлүм катталды. Республикада өлүмгө алып келген жалпы 1630 учур катталган.

COVID-19 менен ооруган медицина кызматкерлеринин арасында 6 учур катталды, кызыл зонада 0 учур. Күндүн ичинде айыгуу менен 6 медициналык кызматкер ооруканалардан, 5 медициналык кызматкер үйдөн өзүн-өзү изоляциядан чыгышты. COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 4 миң 457 учурду түзөт, алардын ичинен 4384 медициналык кызматкер айыгып кетишкен.

Добавить комментарий