Азык-түлүк товарларына өтө жогору баа бергендиги үчүн 54 буйрук чыгарылып, 2 административдик айып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.
23 факты боюнча материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилгендиги белгиленди. Соода борборлорунда, базарларда жана дүкөндөрдө азык-түлүктүн негизги бааларына мониторинг жүргүзүлөт.
Жеке жактар үчүн ашыкча баага 1 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.
Эске салсак, Кыргызстанда нан, макарон, күн карама жана пахта майы, кант, жумуртка, уй, козу жана чочко этин дүң жана чекене баалардын максималдуу деңгээли аныкталган.