Кыргызстанда аялдар кеңештери кайрадан иштей баштайт

Кыргызстанда гендердик зомбулукка байланыштуу маселелерди чече турган аялдар кеңештери жанданууда.

Кыргызстандын аймактарында аялдар кеңештери кайра жанданып, гендердик зомбулукка каршы активдүү иш алып барууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Аялдарга жардам борбору” бейөкмөт уюмунун аткаруучу директору Бакен Досалиева билдирди.

Анын айтымында, долбоордун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөштүктө аймактардагы аялдар кеңештеринин ролун жандандыруу жана күчөтүү боюнча бир топ иштер аткарылды.

«Аялдар кеңештерине төмөнкүдөй колдоолор көрсөтүлдү: КР гендердик мыйзамдары, тынчтыкты орнотуу, медиация ж.б.у.с. боюнча көп баскычтуу тренингдер. Ошондой эле техникалык колдоо көрсөтүлдү: жабырлануучуларды кабыл алуу жана аялдар кеңештери тарабынан консультация берүү үчүн кабинеттер ачылды, аялдар кеңешинин иши үчүн компьютерлер сатылып алынды», – деп белгиледи ал.

Добавить комментарий