Кыргызстанда 23 адам коронавирустан айыгып кетишти

Бүгүнкү күндө коронавирустан айыгып кеткен 23 адам Жалал-Абад облустук ооруканасынан чыгарылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттөгү брифингде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин 10 адам бошотулган болчу.

Эске сала кетсек! Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстанда жалпысынан 216 инфекция жуккан, алардын ичинен 33 адам айыгып, 4 адам ооруканада көз жумган.

Мындай натыйжаларга оорулууларга жан аябас жардам берген дарыгерлердин жардамы менен жетишилген. Дарыгерлер кыргыз элин сактап калуу үчүн катуу иштеп жатышат.

 

Добавить комментарий