Кыргызстан Жашыл фонддон 1 миллион доллар алышы мүмкүн

Президент Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнө таасир этүүнүн жана ыңгайлашуунун чыгымын кыргызстандык эксперттер дээрлик 10 миллион долларга баалаганын билдирди.

Жашыл климаттык фонд (ЖКФ) Кыргызстанга бир миллион доллар грант түрүндө бериши мүмкүн, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Кечээ, 2-ноябрда Садыр Жапаров Глазго шаарында ЖКФтин аткаруучу директору Янник Глемарик менен жолугушту. Алар бир катар маселелерди талкуулашты.

Кыргызстандын президенти өлкөнүн климатты каржылоо боюнча жаңы долбоорлорго кайрылуу ниетин Глазго конференциясынан кийин билдирди. Буга байланыштуу ал КР эксперттерине максаттуу долбоорлорду даярдоодо эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүүнү жана Жашыл климаттык фондго кайрылууга укугу бар кыргызстандык уюмдарды аккредитациялоону тездетүүнү суранды.

Жашыл климаттык фонддун (ЖКФ) аткаруучу директору Янник Глемарик Глазгодо КР Президенти менен жолугушууда. 02 ноябрь 2021 жыл

“Янник Глемарик ЖКФ Кыргызстан менен кызматташууга ар дайым даяр жана ачык экенин баса белгиледи. Ал Жапаровдун сунушуна кызыкдар экенин айтып, трасттык фонд бир жылга грант түрүндө 1 миллион доллар бере ала турган модель бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан бул каражатты кайда жөнөтүүнү өзү чечет жана ЖКФ адистери керектүү колдоо көрсөтүүгө жана консультация берүүгө даяр”, – деп белгилейт президенттин басма сөз кызматы.

Глемарик аккредитация тууралуу айтып жатып, бул маселени кеңеш чечип, процесс бир топ узакка созулуп жатканын айтты. Бирок эмки жылы процедураны жөнөкөйлөткөн жаңы механизм киргизилет. Тараптар республиканын Министрлер Кабинети менен ЖКФнын ортосундагы кызматташтыкты жана долбоорлоо иштерин кеңейтүү боюнча жаңы келишимдин долбоорун талкуулоону макулдашты.

Добавить комментарий