Кыргызстан-Тажикстан: элдин митинги, 16:00 баштап ок атышууну токтотуу жана Баткендеги жаңжал боюнча Коопсуздук кеңеши

Чек арадагы кооптуу кырдаалдын күчөшүнө байланыштуу ок атуучу аймактардан бүтүндөй эл эвакуацияланган. Өкмөт үйүнүн жанында митингге чогулган эл ок атышууну токтотууну талап кылышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары чек арадагы жаңжал боюнча кезексиз жыйындын жыйынтыгында штаб түзүү чечимине келишти. Бир штаб Бишкекте, экинчиси Ошто болот. Баткен районунун тургундарын гуманитардык жардам менен камсыздоо жана аймактардан элди алып чыгуу маселелери чечилет.

Бул тууралуу митингчилерге депутаттар айтышты.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Өзбекстандан келери менен Баткен облусунун чек арасында күчөп бараткан жаңжал боюнча Коопсуздук кеңешин чакырары белгилүү болду.

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00 тарта ок атышууну токтотууну макулдашты.

Саат 15:00 карата оперативдүү маалымат боюнча чек арада жабыркагандардын саны 42 адамга жеткен. Алардын баары Баткен шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилген.

Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат кийинчерээк берилээри күтүлүүдө.

«Баткенге медициналык жардам көрсөтүү үчүн үч медициналык бригада учуп кетти. Булар Улуттук госпиталдын адистери: нейрохирургдар, жалпы хирургдар, кан тамыр хирургдары, анестезиолог-реаниматологдор, торакалдык хирургдар, фельдшердик кызматкерлер», — деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Өз кезегинде Кыргызстан Бириккен демократиялык кыймылы чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжал учурунда бийликти колдоого чакырды.

«Ушундай оор кырдаалда ОДД элди, саясатчыларды жана жарандык активисттерди канчалык кыйынчылык болбосун, өкмөттү колдоого чакырат. Бул күндөрү бардык маселелер расмий бийликтин жетекчилиги астында чечилиши керек деп эсептейбиз», — деп айтылат оппозициялык кыймылдын билдирүүсүндө.

Добавить комментарий