Кыргызстан Кытайдан 1,5 миң тонна буудай алат

Кыргызстан Кытайдан 1500 тонна буудай түрүндө гуманитардык жардам алат.

Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирет.

Анын айтымында, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КЭРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды.

Жолугушууда тараптар 16-17-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвэнь КЭРдин СУАР өкмөтүнүн Кыргызстанга гуманитардык жардам – ​​1500 тонна буудай жана COVID-19 менен күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттары жөнүндө чечимин айтып берди.

Добавить комментарий