Кыргызстан ЕАЭБ аймагындагы биолабораторияларга каршы чыкты

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагындагы баардык батыш биологиялык лабораторияларын жабуу демилгесин көтөрдү.

Биолабораториялар менен байланышкан негизги маселелердин бири – бул азыркы геосаясий кырдаалда өтө актуалдуу болгон коопсуздук. Ал эми Кыргызстанда мындай лабораториялар жок болгонуна карабай ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2 батыш лабораториясы бар. Мындан тышкары Казакстан Талас облусу менен чек арага дагы бир лаборатория ачууну пландоодо.

Ушуга байланыштуу «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору, «Евразия мууну» КФ КР «Альфа» атайын бөлүмүнүн ардагерлеринин эл аралык ассоциациясы менен өнөктөштүктө уюштурулган «ЕАЭБ өлкөлөрүндө Биолаборияны жабуу боюнча Бишкек демилгеси» темасында тегерек стол болуп өттү.

Армян маалымат-аналитикалык борборунун жетекчиси Айк Айвазян белгилегендей, бийликтер узак убакыт бою өлкөдө Батыштын биологиялык лабораториялары бар экенин жашырып келген.

«Арменияда 12 лаборатория бар. Бул маселе 2015-жылы илимдин докторлору, микробиологдордун катышуусунда кескин көтөрүлгөн. Ошол жылдан бери Армениянын бийликтери Батыш лабораториялары жок деп айтып келишет. Ошентип, акыркы бир нече жылдан бери бул тема көтөрүлүп, анан басылды. Бирок Украинадагы окуялардан кийин, атап айтканда, биодолбоорлор менен алектенген жеке компанияларга жеке аудит жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу бир катар суроолор көтөрүлдү. Бул лабораториялар бир системанын бөлүгү жана бир логикада иштешет, бирок алардын ар биринин өзүнүн милдети жана ролу бар», – деди Айвазян.

Адис кошумчалагандай, бир нече күн мурун Армения өкмөтү Армения менен Пентагон ушул жылдар бою биологиялык коопсуздук тармагында кызматташып келгенин моюнга алган. 2-июнда бийликтер АКШ-Армения келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. Азыр оору козгогучтарды которууга тыюу салынган, бирок иш жүзүндө алар буга чейин эле өткөрүлүп берилген.

Добавить комментарий