Кыргызстан Борбор Азиянын энергетикалык шакегинен чыкты: электр энергиясы калыбына келтирилүүдө

Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова Кыргызстан энергетикалык шакекчеден – Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык тутумунан авариядан улам чыгып кеткенин билдирди.

Анын айтымында, мунун аркасында Кыргызстанда электр энергиясы акырындык менен калыбына келтириле баштады. Кыргызстандын аймагынын 50 пайызына электр энергиясы берилди. Калган бөлүгүн туташтыруу иштери уланууда.

Саат 12.00 чамасында кыргызстандыктар электр жарыгы жана суу өчүрүлгөнүн кабарлашты. Электр жарыгы өчүрүлгөнүн Казакстан менен Өзбекстандын тургундары да билдиришкен. Учурда өлкөдө жана Бишкек шаарында электр жарыгы акырындык менен бериле баштады.

Добавить комментарий