Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал жана атышуу

Кечээ, Баткен районунда, Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, ага чек арачылар кошулган.

Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кум-Мазар аймагында Тажикстандын чек ара бөлүгүнүн жашоочулары, кыргыз тараптын макулдугусуз, аймакты кумдан тазалоо чараларын көрө башташты. Тажик тарап кыргыз тараптын ишти токтотуу талабын аткарган жок. Анын үстүнө, тажиктер КР жаранын сабоого аракет кылышкан. Андан кийин эки мамлекеттин жашоочуларынын ортосундагы оозеки кагылышуу мушташка айланып, бири-бирине таш ыргытышкан. Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар келишти», — деп айтылат билдирүүдө.

Андан кийин ок атылды.

“Жаңжал учурунда тажик чек арачылары Кыргызстанды көздөй ок чыгарышкан. КР чек арачылары РТ көздөй ок чыгарышты. Атышуунун натыйжасында кыргыз тараптан жаракат алгандар жок”, — деп белгилейт басма сөз кызматы.

Жаңжалдын курчушуна жол бербөө үчүн УКМКнын ЧК Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жеринде. Кум Мазарда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда өтүп жатат. Абал туруктуу деп мүнөздөлөт.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы тажикстандыктар ишембилик өткөргөн чек аранын белгисиз бөлүгү жөнүндө сөз болуп жаткандыгын билдирди. Кыргызстандыктар бул участокто иштөөгө каршы болушту, жооп катары РТнын айрым жарандары таш ыргыта башташты. Андан кийин чек арачылардын ортосунда атышуу болду. Учурда кырдаал туруктуу, жергиликтүү бийлик, коопсуздук кызматкерлери жана чек арачылар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жабыркагандар жок.

Добавить комментарий