Кыргыз эли коронавирус эпидемиясына карата азыктарды сатып алууда

Өкмөт башчысы мамлекеттик органдарга азык-түлүк баалардын өсүшүнө жол бербөөну тапшырды. Анын айтымында, Кыргызстан кандай баа менен жана кайсы өлкөлөрдон азык-түлүктү импорттоону талдоо жүргүзүү керек.

Башка өлкөлөрдө коронавирустун чыгышы, Кыргыз Республикасынын экономикасына да чон таасирин тийгизет, ошол себебтен  учурдагы рисктерди азайтуу зарыл, деп өкмөттүн селектордук жыйынында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилеп кетти.

«Биз бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди камтууга жана кесепеттериди минималдаштыруу үчүн антикризистик иш-аракеттердин планын иштеп жатабыз», – деди өкмөт башчысы.

Ал Кыргыз Республикасынын жүгүртүүнүн бештен бир бөлүгү Кытайга таандык экендигин эске салды.

«Биз кесепеттерин азайтуу үчүн, бизнес-чөйрөго эпидемиологиялык таасири боюнча талдоо жүргүзүү керек. Бул үчүн, башка рынокторду жана натыйжалуу ишкердик колдоо механизмдерин иштеп чыгуу үчүн аракетти жакшыртуу керек», – деп Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчысынын орун басары Эркин Асрандиев жетектеген кризиске каршы чаралар боюнча штаб иши эки негизги багыттар боюнча ишке ашырылат.

«Биринчи кезекте керектүү санда негизги азык-тулукту камсыздандыруу болуп саналат. Биз жакшы жагына умуттөнуп жатабыз, бирок эң начар кырдаалды да эстен чыгарбаш шкерек. Бизде азык-түлүк менен камсыздоо, талдоо жана кандай баада жана мөөнөтто, кайсы өлкөдон келээри тууралуу так түшүнүк болушу керек, – деп министри түшүндүрдү.

Экинчиден, кыргыз-кытай чек арасынын жабылышына байланыштуу бажы алымдарынын көлөмүн азайышына байланышкан. Мындан тышкары, чек аранын жабылышы, айрыкча кытай капиталынын катышуусу менен, аймактагы өнөр жай ишканаларынын ишине таасирин тийгизет. Бул коронавирус жагдайы буга чейин эле бюджет жана экономика үчүн жарым-жартылай белгисиздикти туудурган себеп болуп саналат. Убактылуу өлкөдөн чыгып кеткен жана ишке кайтып келүүгө мүмкүнчүлүгу жок Кытайлык жарандар катышкан объекттер да бар.

Өкмөт башчысынын орун басары Эркин Асрандиев: Биринчи кезекте керектүү санда негизги буюмдар менен камсыздандыруу маселеси болуп саналат. 

«Жолдорду жана башка өнөр-жай объекттерин куруу жөнүндө сөз болуп жатат. Кыска мөөнөттө ушул иштерди мындан ары улантуучу иш-чараларды иштеп чыгуу керек. Зарыл болсо, башка адистерди чакырууга тийиш,” – деп Асрандиев билдирди.

Министр, кээ бир адамдар кырдаалды пайдаланып, жүк баасын ашыкча көбүртүп пайда тапканга аракет кылышы мүмкүн, деп билдирди.

«Буга жол болбош керек. Айыл чарба азыктарын экспорттоо көзөмөлдү күчөтүү зарыл, – кээ бир буюмдардын жетишсиздиги болбошу керек,” – деп билдирди өкмөт башчысы.

Ал экономикалык жоготууларды азайтуу боюнча иш-чараларды биргелешип өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты жасаш маанилүү экендигин кошумчалады.

жыйындын жыйынтыгында өкмөт башчысы компетенттүү органдардын жетекчилерине Кыргызстанда коронавирус жугушун алдын алуу аракеттерди күчөтүү жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча конкреттүү көрсөтмөлөрдү берди

Добавить комментарий