КРда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын санынын өсүшү байкалууда. Бир жумада 19 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 7-ноябрдан 13-ноябрга чейин акыркы суткада коронавирустун жаңы 19 учуру аныкталды.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, катталган 19 учурдун ичинен 4 адам ооруканага жаткырылган, 15 адам амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

Өткөн аптада 12 адамдан коронавирус катталса, бул аптада дагы 7 учур катталды.

2022-жылдын 10 ай 13 күнүндө жалпысынан 21 736 COVID-19 учуру катталды, анын ичинен 19 728 (90,7%) лабораториялык тастыкталган жана 2008 (9,3%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Добавить комментарий