КРда Борбордук Азияда үй товарларын өндүрүү боюнча биринчи толук цикл заводу ачылды

Чүй районунун Маевка айылында турмуш-тиричилик буюмдарын, тактап айтканда үтүктөөчү такталарды, кургаткычтарды, илгичтерди, антенналарды, термометрлерди, желдеткичтерди, ошондой эле ондогон металл корпус тибиндеги буюмдарды жана текстиль буюмдарын чыгара турган «Маткасым» заводу ачылды. 

Бул тууралуу КР Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди.

Заводдун жабдуулары жана технологиялык линиялары “Коммерциялык банктар аркылуу чакан жана орто бизнести насыялоо” программасынын алкагында алынган.

Заводдун ишке кириши менен 150 жумушчу орун түзүлдү. Ишкана жылына 10 миллионго чейин продукция чыгарат. Жалпы өндүрүш аянты 2,5 гектарды түзөт, завод сегиз айда курулган.

Буга чейин ишкананын Төмөнкү Ала-Арча айылында бир заводу болгон (2016-жылдан бери).

Добавить комментарий