КРда бардык кыргызстандыктарды Казакстанда тыюу салынган адабияттардын тизмеси менен таанышууга чакырышты

КР ТИМ РКга барууну каалаган бардык жарандарды сапар алдында Казакстанда тыюу салынган адабияттардын тизмеси менен кылдат таанышып чыгууну өтүнөт.

Кыргызстандын ТИМи Казакстанга барууну же транзит менен өтүүнү пландаган жарандарды сапарга чыгаар алдында экстремисттик деп таанылган жана Казакстандын аймагына алып келүүгө, басып чыгарууга жана таратууга тыюу салынган диний адабияттардын жана маалыматтык материалдардын тизмеси менен кылдат таанышып чыгууга чакырат.

Казакстандын аймагында тыюу салынган адабияттарды сактагандыгы жана пайдалангандыгы үчүн Казакстан Республикасынын мыйзамдары менен Казакстандан административдик чыгаруу менен 50дөн 100гө чейин (болжол менен 350-400 миң теңге) айып пул салуу каралган.

Бардык кызыктырган суроолор боюнча кыргызстандыктар кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу ала алышат:

– Кыргызстандын Астанадагы элчилиги: +7-776-124-88-33;

– Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу: +7-777-037-14-48, +7-705-548-97-87.

Добавить комментарий