КР Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

Кыргызстандын Президенти Путинге чың ден-соолук, бакубатчылык жана Россиянын жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалады, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын басма сөз кызматы.

«Кыргызстан Сиздин кыргыз-орус көп кырдуу мамилелеринин ырааттуу кеңейишине жана өнүгүшүнө кошкон зор салымыңызды жана туруктуу көңүлүңүздү жогору баалайт. Кыргызстан Россиянын кылымдардан берки достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана колдоонун негизинде ишенимдүү жана туруктуу союздашы жана өнөктөшү болуп келген жана болуп кала берет», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Жээнбеков Путинге чың ден-соолук, бакубатчылык жана Россиянын жыргалчылыгы үчүн жооптуу өкмөттүк кызматында мындан аркы ийгиликтерди, ал эми бүтүндөй көп улуттуу Россия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Добавить комментарий