КР Президенти Олимпиада оюндарынын күмүш медалчысы Айсулуу Тыныбекованы жеке куттуктады

Президент Садыр Жапаров 2020-жылкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекованы телефон аркылуу куттуктады

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы өзгөчө белгилегендей, Айсулуу Тыныбекова өзүнүн даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды дүйнөлүк аренада бир эмес, бир нече жолу даңазалап, алдыда дагы чоң жетишкендиктер күтүп турат.

Садыр Жапаров кошумчалагандай, ал финалдык беттешти үй-бүлөсү менен көргөн, андан тышкары, жүз миңдеген мекендештерибиз аны колдоп, мушташты түз эфирде көрүшкөн.

“Бул бүтүндөй Кыргызстан үчүн маанилүү жана эстен кеткис күн. Сиздин жогорку сыйлыгыңыз утуп алуу үчүн чоң максатка багытталган көп жылдар бою күнүмдүк жана талыкпаган эмгектин табигый натыйжасы. Сиз татыктуу көрсөткүчтү, мыкты даярдыкты жана эң жогорку моралдык сапатты көрсөттүңүз”, – деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров спортчуларга жана олимпиадалык команданын машыктыруучулардын курамына ден соолук, жаңы ийгиликтерди жана мекенине аман-эсен кайтып келүүнү каалады.

Добавить комментарий